Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Тажикстандын Жогорку соту президенттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкерин 15 жылга кести


ДҮЙШӨМБҮ. Тажикстандын Жогорку соту президенттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери, генерал-майор Абдували Бегматовду 15 жылга кести. Президент Эмомали Рахмоновду кайтарган күзөт кызматынын мурдагы таасирдүү кызматкерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып казынанын каражатын жеп-ичкен, курал-жаракка уруксатсыз ээ болуп, аны сактаган деген айып коюлду. Абдували Бегматов – президенттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Гафур Мирзоевдин жакын адамдарынын бири болуп саналат. Экөө тең өткөн жылы камакка алынган. Мирзоевдин өзүнө киши өлтүрүүгө катышкан, мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөн жана көп сандагы курал-жаракты каттоосуз сактаган деген айып коюлган.

XS
SM
MD
LG