Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Казакстанда ваххабит деп шектелген адам камакка алынды

АСТАНА. Казакстандын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн аймагында террордук актыларды жасоого камылга көрүп жаткан адамды - Исламдын радикал тобунун мүчөсүн камакка алышты. Маңгустау антитеррордук кызматынын жетекчиси Аскар Кушимовдун Ассошейтед-пресске берген маалыматына караганда айып коюлуп жаткан адамдын үйүнөн жардыруучу заттар, курал-жарак, маңзат жана террордук актыларды жасоого үндөгөн адабияттар, баракчалар табылды. Камакка алынган адам ваххабит экендиги маалымдалууда.
XS
SM
MD
LG