Баткен районуна караштуу Согмент, Таян, Кыштут жана башка айылдардын тургундары 9-февралда эртең менен көчөлөрдө, короо-жайларда кыстарылган баракчаларды байкашкан. Кагаздарда өлкөнүн өкмөттүк гезиттеринен алынган макалалар жарыяланган. Мисалы, «Слово Кыргызстана» гезитинен алынган «Гастролерлор-2» деген макалада Словакиядан келген Душан Ондрусек, Украинадан келген Ольга Васильченко айымдын Кыргызстандагы сапарынын максаты жөнүндө жазылган. “Мындай коноктор өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирүү менен бир нече оппозициячыл өкмөттүк эмес уюмдардын башын бириктирип, өлкөнү бөлүп-жаруу багытында иштеп жатат” деп жазылат. Мындай баракчаларды 11-февралда Бозадыр, Каратокой айылдарынын тургундары да байкашкан. Бозадыр орто мектебининин мугалими Тилебалды Эралиевдин айтымында, баракчаларды жашыруун түрдө таратуу тынч жаткан элдин ичинде өкмөткө ишенимди азайтууда.