Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

“МСН” жазган хансарай


БИШКЕК. «МСН» гезити 11-февралда президент Аска Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын Бишкекте салып жаткан үйү жөнүндө макала жана хансарайдай заңгыраган үйдүн сүрөтүн жарыялады. Маалыматка караганда, АКШнын Кыргызстандагы элчилигине жакын жайгашкан ал үйдүн короосу 6 гектар келет. Бул макалада президенттин үй-бүлөсүнүн Канттагы цемент-шифер завод, алкоголь тармагындагы жана башка ондогон ишканалары жөнүндө маалымат берилген. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев бул маалыматты президентти каралоонун аракети катары баалады. Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов «МСН» гезитиндеги маалыматтардын чындыкка жакын экенин жана ал жерде президенттин үйбүлөсүнө таандык ишкана-фирмалардын тизмеси толук эмес экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG