Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Бакыт Бешимов дипломаттардын укугун коргоодо


БИШКЕК. Кыргызстандын Индиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Бешимов Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баековага, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевге жана Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна 10-февралда арыз менен кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына жолдонгон арызда Индиядагы элчиликтин консулдук каттамында турган 72 кыргыз атуулунун шайлоо укугун жокко чыгаруунун себебин түшүндүрүп берүүнү өтүнгөн. Элчи Бешимов бул маселени чечүүдө БШКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын 18-январда кабыл алган токтомуна шилтеме жасоосун негизсиз деп санайт. Акыйкатчы жана Конституциялык соттун төрайымына жолдонгон арызда да ушул маселе көтөрүлүп, бирок дипломаттарды талапкер катары шайлоого катыштырбоону дискриминация катары баалап, ага конституциялык-укуктук баа берүү өтүнүчү жазылган.

XS
SM
MD
LG