Молдовада 6-мартта өтө турган парламенттик шайлоо алдында өлкөгө келген орусиялык беш экспертти өкмөт кечээ күнү кууп чыкты. Ички иштер министрлигинин айтымында, алар Молдовадагы абалды баалай турган атайын жашыруун борбор түзүүгө аракеттенген. Өлкөдөн чыгарылгандардын арасында "Адам укуктары үчүн кыймыл" деп аталган уюмдун өкүлү Николай Ремизов да бар жана анын айтымында, бул аракет толук мыйзамсыз, анткени алар эл аралык байкоочу макамына ээ болчу.