БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын аймактык өкүлчүлүгүнүн директорлору парламенттик шайлоого байланыштуу жыйын өткөрүүдө. Анда 27-февралда шайлоо күнү 1700 шайлоо участокторунда аталган коалициянын байкоо жүргүзө турган өкүлдөрүнүн милдеттери талкууланды. Шайлоого карата үгүт иштеринин жүрүшүндөгү жана шайлоочулардын тизмесинде мыйзам бузууларга жол берилгендиги , айрым округдарда шайлоо участокторунун комиссия мүчөлөрүн түзүүдөгү кемчиликтер тууралуу жыйынтык 15-февралда угулушу күтүлүүдө. Учурда «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынан узак мөөнөттөгү 120 байкоочу өлкө аймагындагы саясий өнөктүккө байкоо жүргүзүүдө.