Орусиянын бир катар шаарларында 70тей нааразылык акциялары өтүп жатат. Алардын арасында өлкөдө социалдык жеңилдиктерди жойуу реформасына каршы адамдар да, аны колдогондор да бар.
Москвада нааразылык акциясын Коммунисттик партия баш болгон бир нече солчул саясий кыймылдар уюштурушту. Ал эми өкмөттүк “Единая Россия” партиясы, тетирисинче, президент менен өкмөттүн саясатын колдогон жөө жүрүш акциясын уюштурду.
Петербург шаарында болсо, социалдык льготаларды алып салууга каршы болгон 7 жарым миңдей адам көчөгө чыкты.
Сибирде ушундай эле максаттагы нааразылык билдирүү акциялары 10 шаарда өтүп, жалпысынан 4 жарым миңдей адамды топтоду.
Ал эми Уралдагы 13 шаардагы митингдер 6 миңден ашуун адамдын катышуусунда өтүп жатат.
Бул өңдүү акциялар, мындан сырткары, Ижевск, Екатеринбург, Новосибирск жана башка шаарларда уланууда.
Негизи, президент Путин сунуш кылган реформага ылайык, өлкөдө социалдык жеңилдиктерге ээ адамдар эми алардын ордуна акча алышы керек. Анда, мисалы, коомдук транспортто бекер жүрүү жана медициналык жеңилдиктерди алуу токтотулат. Бул өзгөрүш өзгөчө пенсионерлер арасында нааразылык жаратууда.