Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Түндүк Кореяда гезиттер элди биригүүгө чакырышууда


Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк курал программасы боюнча АКШны сүйлөшүүлөргө чакырып, Вашингтон ага каршы болгондон кийин түндүк кореялык өкмөттүк гезит элди биригүүгө чакырды.
“Родонг синмун” деген гезиттин биринчи бетинде элди өлкөнүн лидери Ким Чен Ирдин айланасына чогулууга үндөгөн сөздөр айтылат.
Ал эми “Минжу Йосон” деп аталган экинчи бир басылма: “Биздин ишенимдүү башчыбыз – биздин жашообуз жана жан-дүйнөбүз” деп жазды.
Пхеньяндын эки тараптуу сүйлөшүү баштоо тууралуу талабына ырасмий Вашингтон каршы болуп, бул маселени көп тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу гана кароого жана Түндүк Кореяны өзөктүк курал программасынан баш тартууга чакырган.
Маалым болгондой, бейшембиде Түндүк Корея АКШдан коргонуу үчүн өзөктүк курал жасагандыгын айткан эле.


Түндүк Кореянын бул маселе боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдөн чыгышы жөнүндө Австралиянын өкмөт башчысы Жон Ховард курал бар экенине анча ишенбестигин билдирди:

- Түндүк Кореяда өзөктүк куралы бар дегени, чынында, көбүртүп айтылган сөз болушу керек. Балким, анда өзөктүк куралды бардыр, бирок бул баары бир ашкере айтылган сөз деп ойлойм. Анткен менен эч ким муну реалдуу проблема эмес деп айта албайт. Андыктан, аны чечүүгө чоң тажрыйба жана этияттык менен мамиле кылуу зарыл, - деди Австралиянын өкмөт башчысы Жон Ховард.

XS
SM
MD
LG