Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:53

Ирактагы жардыруудан кеминде 17 адам өлдү


Бүгүн Ирактын Мусаиб шаарында машиненин жарылуусунан кеминде 17 адам мерт кетти, дагы 20га жакыны жарадар болгону айтылууда. Жардыруу жергиликтүү өкмөттүн мекемесине жакын жерде болгон.

Буга чейин Reuters маалымат агенттиги Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында бетин чүмбөттөп алышкан белгисиз куралчан адамдар соттун төрагасын өлтүрүп кетишкендигин маалымдаган эле.

Таха ал Амирди Басранын чак ортосунда машинеде кетип бараткан жеринен жолдо маскечен кишилер токтотуп, ага ок чыгарышкан. Кол салуу учурунда соттун айдоочусу жарадар болгон.

Анын аралыгында, Ирак полициясы бүгүн түндүктөгү Мосул шаарына жакын жердеги чоң жолдордун биринде Ирактын Улуттук армиясынын кийимин кийген дагы 6 кишинин өлүгүн тапкандыгын маалымдады. Алар көкүрөгүнө жана башына ок жегендиги айтылат.

XS
SM
MD
LG