Шаар Экинчи дүйнөлүк согуш аяктарына үч ай калганда катуу бомбаланган. Анда антифашисттик коалицияга кирген америкалык жана британиялык учактардын соккусунан 25-35 миңдин тегерегиндеги адам мерт болгон деп эсептелет. Шаардын тарыхый борбору дээрлик талкаланган. Дрезденде бүгүн ашынган улутчулардын 2 миңдей өкүлү да жүрүш жасашты. Алардын аракети тууралуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Жеффри Доновэн буларды билдирди:
-Көпчүлүгү – кара курткачан скинхеддер. Колдорунда үйлөнгөн кара шаарлар, сырт кийимдеринде кара белгилер, алтымыш жыл мурдагы окуяларга карата аларда "эч качан унутпайбыз, эч качан кечирбейбиз" деген сөздөр жазылган.
Мунун алдында немец канцлери Герхард Шредер Дрезденде каза тапкандарды эскерүүнү нацисттердин кылмышын төмөндөтүү максатында пайдалангысы келгендерге каршы экенин билдирген эле. Бүгүн жергиликтүү жетекчилер менен АКШ, Британия, Франциянын элчилери бомбадан курман болгондор көмүлгөн көрүстөнгө гүл чамбарларды коюшту. Ушундай эле эскерүү жөрөлгөсүн алардан бир сат мурда немец профсоюз уюмдары менен солчул партиялардын лидерлери өзүнчө жасашты.