Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун Мюнхендеги коопсуздук конференциясы учурунда кабарчыларга билдиргенине караганда, анын өлкөсү "башка бир да мамлекетте жок уникалдуу системага ээ болуу" алдында турат, бирок министр ал системанын чоо-жайын ачыктаган жок. Сергей Ивановдун айтымында, Орусия бул багытта санга эмес, сапатка умтулууда. Орусиянын президенти Владимир Путин өзөктүк куралдын жаңы мууну жөнүндө алгачкы жолу былтыр ноябрда билдирген болчу.