Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Иракта жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды


Борбордук шайлоо комиссиясынын жарыясына караганда, биринчи орунга добуштардын 48%ын алып, шийиттердин "Бириккен Ирак альянсы" деген тобу чыкты. Экинчи орунда 26% добуш менен күрд партияларынын биркмеси. Үчүнчү орунда 13% добуш менен Ирактын утурумдук премьер- министри Ияд Аллавинин партиясы. Бул тууралуу жарыялап жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Фарид Аяр төмөнкүлөрдү кошумчалады:

-Эгер даттануулар, нааразылыктар болсо, комиссия дүйшөмбүдө тартып аларды кабыл алууга киришет. Шайлоочулар даттанууларын үч күндүн ичинде бере алат. Бул үч күндүн аралыгында, биз баарын кароого аракеттенебиз. Эгер бул мүмкүн болбосо, даттанууларды кароонун мөөнөтү узартылат. Бул иш аяктаган соң гана биз шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитебиз.

Добуш берүүгө каттоого алынган шайлоочулардын 58%ы катышкан. Анткен менен сунниттер жашаган аймакта элдин активдүүлүгү өтө эле төмөн болгон. Маселен Анбар провинциясында добуш берүүгө элдин 2%ы эле келген. Шайлоонун расмий жыйынтыгы анда добуштардын дээрлик жарымын алган "Бириккен Ирак альянсы" калган эки топ менен коалиция түзөрүн көргөзүүдө.

XS
SM
MD
LG