Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Борис Немцов - Украина президентинин кеңешчиси


Орусиянын мурдакы вице-премьер-министри, оппозициядагы либерал саясатчы Борис Немцов Украина президенти Виктор Ющенконун тышкы иштер боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Ющенконун өкүлү президент Немцовду Украина-Орусия ортосундагы байланышты жакшыртууга жардамдашчу жакшы ыкластуу элчи болсун деп, кеңешчиликке дайындаганын маалымдады. Немцовдун айтымында, анын милдети Орусдан капиталды Украинага тартуу болот.
45 жаштагы Немцов Украинадагы “саргылт ыңкылап” тушунда Ющенкону, ал эми ырасмий Кремль болсо москвачыл премьер-министр Виктор Януковичти жактаган.

XS
SM
MD
LG