Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Ирактын жаңы өкмөтүнүн курамы боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Багдадда башталган сүйлөшүүгө байланыштуу көзкарандысыз шайлоо комиссиясынын өкүлү Фарид Аяр мындай пикирин билдирди:

- Бүгүн Ирак демократияны көздөй жаңы кадам жасады. Бул кадам Ирак элине чыныгы, нукура Араб демократиясынын үлгүсүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

30-январда өткөн жалпы элдик шайлоодо шийилердин аятолла Али ас-Систани башындагы “Ирактын биргелешкен альянсы” 48 процент добуш алган.
Альянс 26 процент добуш алган күрт коалициясы менен чогуу өкмөт түзүшү ыктымал экени айтылууда. Күрттөр президенттин же премьердин ордун алууга аракет жасоодо деген кабар бар.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Бенита Феррьеро Уольднер шайлоонун жеңүүчүлөрүн куттуктап, саясый жараянга бардык ирактыктарды тартууга үндөдү. Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарына чукул жерде козголоңчулар мунай-газ боросун жардырып кетишти. Түндүк мунай компаниясынын жетекчилиги өрт өчүрүүчүлөр жалынды басуу аракетин жасап жатканын кабарлады. Суу куурларына да чабуул жасалганы жөнүндө кабар бар.

XS
SM
MD
LG