Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Ливанда армия чукул даярдыкка келтирилди


Рафик Харири Сирия жана анын ливандык союздаштары менен талаштан улам өткөн октябрда кызматынан кеткен эле. Кечээ ал Бейрутта машинасы бомбадан таш-талканы чыгып жарылганда, дагы тогуз киши менен кошо ажал тапты. Мурда белгилүү болбогон исламдык топ жоопкерчиликти өзүнө алды.

Оппозиция лидерлери жардыруу үчүн Ливандын жана Сириянын өкмөттөрүн айыптап, Сирияны Ливандагы аскерлерин үч айдын ичинде чыгарып кетүүнү талап кылышты. Алар ошондой эле үч күндүк иш таштоого чакырык ташташты. Жүздөгөн киши демонстрацияга чыкты.

Сириянын президенти Башар ал-Ассад кол салууну айыптады. АКШ президентинин маалымат катчысы Скотт МакКлеллан Харринин өлтүрүлүшүн "анын чет элдик үстөмдүктөн арылган көз карандысыз Ливан үчүн күрөшүн үзгүлтүккө учуратуу аракети" деп баалап, "Ливандын эли өз лидерлерин өзү тандоого, коркуп-үркпөстөн, террорчулуктан жана чет элдик баскынчылыктан арылып, эркин жашоого укуктуу" деп айтты.

XS
SM
MD
LG