Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Элдик Ассамблея шайлоодо байкоочу болот


БИШКЕК. 27-февралда боло турган парламенттик шайлоодо Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 800 байкоочусу шайлоо округдарына байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу 15-февралда өткөн малымат жыйынында Ассамблея төрагасы Иса Токоев билдирди. Анын айтымында, азыр өлкөнүн бардык аймагында байкоочулардын ишин тескөө үчүн чакан штабдар түзүлүп, азырынча 480 байкоочунун аты-жөнү такталды. Иса Токоевдин айтымында, Ассамблеянын байкоочулары добуштарды өз алдынча санап, байкоонун жыйынтыгын элге жарыя кылат. Мындай аракет шайлоону адилет өткөрүү жана ар бир талапкердин укугун коргоо максаты менен жасалууда. Кыргызстанда жашаган ондогон улуттун ичинен 12 улуттун 43 өкүлү парламенттик шайлоого талапкер болуп катышууда.

XS
SM
MD
LG