Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Премьер-министр Кеминде болду


БИШКЕК. 15-февралда премьер-министр Николай Танаев Токмок шаарында жана Кемин районунда жумуш сапар менен болду. Ал сапары учурунда бир катар ишканаларда болуп, алардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Танаев сапары учурунда Орловка шаарчасынын тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Жогорку Кеңештин депутаттыгына Кемин районунан ат салышып жаткан оппозициялык маанайдагы талапкердин билдирүүсүнө караганда, Танаевдин сапары шайлоо алдындагы үгүт ишине окшош болду. “Муну Танаевдин жабык эшик артындагы жыйналыштарды өткөргөнү күбөлөп турат” дейт атын атагысы келбеген талапкер.

XS
SM
MD
LG