Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:39

А.Акаевдин кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн кол топтолууда


БИШКЕК.Президент Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн 2010-жылга чейин узартуу демилгеси менен уюшулган «Элим менен, элим үчүн» аттуу коомдук фонд 155 миң адамдын колун топтоду. Мындай маалымат 15-февралда аталган фонддун төрагасы Аманбай Сатыбаевден алынды. Анын билдирүүсү боюнча, ушул тапта өлкөнүн Талас облусунан башка алты облустун аймагында 300дөн ашуун адам кол топтоп жүрүшөт. Фонд ушул айдын аягына чейин 300 миң адамдын колун топтоп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүү талабы менен Жогорку Кеңешке жана Борбордук Шайлоо комиссиясына кайрылган жатат. Ал эми Элдик патриоттук кыймылдын жетекчилеринин бири Нурлан Мотуев Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылган 27 миң атуулдун колу топтолгондугун билдирди. А. Акаевди кызматтан кетирүү үчүн 2-февралдан бери элдин колун топтой баштаган «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын канча кол топтогону азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG