Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Бейөкмөт уюмдар коалициясы байкоо жыйынтыгын чыгарды


БИШКЕК.Бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы шайлоого даярдыктын жүрүшүнө өткөн жылдын 15-декабрынан бери жүргүзүп жаткан байкоосунун экинчи жыйынтыгын жарыя кылды. Коалиция президенти Эдил Байсаловдун айтымында, үгүт өнөктүгү башталгандан бери шайлоочулардын добушун сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу, маалымат каражаттарынын кырдаалды бир жактуу чагылдырып, айрым талапкерлер жөнүндө маалыматты көп таратуусу жана шайлоочулардын тизмесине кошуп жазуулар байкалды. Ушундан улам коалиция өз укуктарын коргоо үчүн талапкерлердин активдүү болуусу жана өз укуктары басмырланган фактылар боюнча сотко кайрылуулары зарыл экендигин билдирди. Андан тышкары коалиция №72 Каракол шайлоо округундагы талапкер Бурулсун Рыскулованын талапкерликтен баш тартуусун талап кылган облус губернатору Токон Шайлиеваны иштен алуу талабын президентке жолдоду. Коалиция жетекчисинин пикири боюнча, эгер президент бул талапты аткарса, анда шайлоону адилет өткөрүүгө чындап ниеттенгендигин далилдейт.

XS
SM
MD
LG