Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги беш шаардан аскерлерин чыгарып кеткенге Египеттеги саммитте Израил макул болгон эле. Бирок маселенин техникалык өңүттөрү такталбай калган. Акыркы маалыматтарда Израил тарабы Иерихондон аскерлерин чыгарып, ага кошо өткөрмө-көзөмөл тоскундарын да бузганга макул болгону айтылат.