Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази билдирди. Харрази бүгүн Тегерандын атомдук программасына байланыштуу маселелерди талкуулаганы Брюсселге келет. Иран министри союзга ушу тапта төрагалык кылып жаткан Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер менен жолугушат. Евросоюз Иранды уран байытуу ишин токтотууга чакырып жатат, ал эми Кошмо Штаттары Тегеранды жең алдынан курал жасап жатат деп эсептейт.