Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Иракта жаңы өкмөт түзүү боюнча масилет-мастаттар жүрүп жатат


Январдагы шайлоодо добуштардын 48 процентин утуп алган шейиттердин Бириккен Ирак альянсы азыркы вице-президент Ибрахим ал-Жаафарини премьер-министрликке көрсөтүүнү чечти. Альянстын өкүлү Жавад ал-Малики сүйлөшүүлөрдө эки кишинин - Дава партиясынын лидери ал-Жаафари менен Ирак ислам революциясынын жогорку кеңешинин мүчөсү, финансы министри Абдел Махдинин - талапкерлиги талкууланып, акыры азыркы вице-президентти өкмөт башчылыгына көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынганын ырастады. Күрттөрдүн коалициясы болсо өздөрүнүн лидери Жалал Талабанини президенттик кызматка көрсөтүүнү чечишти. Парламент адегенде президент менен анын эки орунбасарын шайлайт, алар болсо премьердин кандидатурасын сунуш кылат. Алардын баары депутаттардын үчтөн эки добушу менен шайланат.

XS
SM
MD
LG