Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Франженин айтымында, жарылуудан жолдун так ортосунда оңурайган көбөөл пайда болгон, дүрмөттөлгөн машинаны мындай жерге коюу мүмкүн эмес эле. Мурда экс-премьер Рафик Харири дүрмөттөлгөн машина жарылып,ошондон мерт болду деп айтылган эле. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды,аскери күчтөр күчөтүлгөн абалга өткөрүлдү. Ички иштер министри ошону менен бирге кайгылуу бул окуяга карабастан Ливанда парламенттик шайлоо белгиленген мөөнөттө - быйыл майда өтө турганын бышыктады. Харири Ливандагы сириялык аскерлерге байланыштуу талаштан улам былтыр кызматтан кеткен эле.