Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

17-февралга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, февралдын он жетисинде Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жалалабад, Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарына кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн -13...-18, түндүк тарабы -19...-24 градуска чейин суук, күндүз -3...-8 градустун айланасында суук.
ТАЛАСТА түнкүсүн -20...-25, күндүз -5...-10 градус суук.
Республиканын ЖАЛАЛАБАД, ОШ, БАТКЕН чөлкөмдөрүндө түнкүсүн
-3...-8 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда абанын түнкү температурасы -9дан...-14 градуска ал эми күндүз 0...-5 градуска суук.
НАРЫНДА түнкүсүн -21...-26, күндүз -7...-12 градус суук.
БИШКЕКТЕ кар жаабайт. Батыш тараптан муздак жел жүрүп, түнкүсүн
-13...-15, күндүз -4...-6 градуска суук болот.

Кабарларды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG