КАРАКОЛ. Бул тууралуу облустук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Турсунгүл Сабитова билдирди. Анын айтымында, облуска шайлоо үчүн 247 үкөк келди. Дээрлик баардык шайлоо участкаларында керектүү делген техникалык жабдуулар жетиштүү. Чукул арада шайлоо бюллетендери келет. Ар бир округда шайлоо комиссияларында шайлоочулардын тизмелери такталып чыкты. Ал эми айрым көз карандысыз байкоочулардын билдирүүлөрүнө караганда, шайлоочулардын тизмелерин тактоодо олуттуу кемчиликтер бар. Маселен, №72 Каракол округдук шайлоо комиссиясында шайлоочулардын тизмелери толук такталып бүтө элек. Кошумчалай кетүүчү маалымат, №70 Ысыккөл шайлоо комиссиясынан депутаттыкка талапкер болуп катталган Имангазиев саясий өнөктүктөн баш тартты.