Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

АКШ элчиси Жалалабатта болду


ЖАЛАЛАБАД. Облустун губернатору Жусупбек Шарипов менен Кошмо штаттардын элчиси Стивен Янгдын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу, парламенттик шайлоо алдындагы кырдаал, экономика жаатында пикир алышуу жүрдү. Элчи Стивен Янг Ооганстандагы абал жөнүндө маалымдап, Камбарата ГЭСи курулса кыргыз экономикасы олуттуу киреше аларын белгиледи. Губернатор Жусупбек Шарипов облуста шайлоо алдында саясий кырдаал тынч, мыйзам бузуулар жок деп, алтын кен запасы көп экендигине токтолду. Стивен Янг Жалалабад мамлекеттик университетиндеги “Америка ордосу” клубунун иши менен таанышып, облустагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана адам укугун коргоочулар менен шайлоо темасына баарлашты.

XS
SM
MD
LG