Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Ири ишканалар каржы министрлигине нааразы болууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы ири ишканалар бюджетке ашыкча салык төлөмдөрүнүн кайтарылып берилишин каржы министрлигинен талап кылышууда. Учурда өлкөдөгү ири ишканалар төлөгөн ашыкча салыктардын көлөмү 2 млрд сомду түзөт. Анын ичинде 1,5 млрд сом товарларды экспорттоодо кошулган наркка салыктар түрүндө төлөнгөн. Бул маселе 16-январда каржы министрлигинин алдындагы Кирешелер комитетинин, өлкөдөгү 50гө жакын ири ишканалардын жетекчилеринин, республикалык жана облустук салык инспекцияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн жыйында көтөрүлдү. Каржы министрлигинин Кирешелер комитетинин төрагасы Замирбек Малабаев бүгүнкү күндө ишканалардын комитетке болгон карызы 1,5 млрд сомду түзөт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG