Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

«Жаңы Кыргызстан» партиясы кайрылуу жолдоду


ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууда №30 Жалалабад аймактык комиссиясына караштуу участкалык 10 комиссиянын башчылары шайлоо кодексинин 16-беренесин бузуу менен алмаштырылгандыгы айтылат. Шаар бийлигинин көрсөтмөсү менен комиссиялар кайра түзүлүп, мэр орун басарлары участкалык комиссиялардын башчыларын арыз жазууга мажбурлаган. Шайлоочулардын тизмеси туура эмес түзүлүп, депутаттыкка талапкер болгон белгилүү ишкерге жан тартуу менен, анын таасириндеги жана анын мекеме уюмдарында иштеген 47 адам участкалык комиссияларга жаңыдан кошулган. Партиянын бөлүмү БШК менен прокуратурадан ушундай кемчиликтерге чара көрүүнү талап кылды. Билдирүүнү жалаа деп тапкан аймактык комиссия шаар бийлигинин көрсөтмөсү жок эле участкалык тогуз комиссия мыйзамга ылайык жаңыланганын, ал эми шаар мэриясы шайлоого кийлигишпегендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG