Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:58

Баткендин №16 Кадамжай округунда бир гана талапкер калды


БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдон 17-февралда алынган маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн аталган округда катталган үч талапкердин бири - Рустамжан Абдуллаев өз каалоосу менен шайлоого катышуудан баш тартты. Дагы бир талапкер Мирзалим Асранкулов округдук шайлоо комиссиясынын токтому менен шайлоо марасынан четтетилди. Буга талапкердин үгүт баракчаларында анын нускасы жана басмакананын дареги көрсөтүлбөй калышы себеп болгон.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG