Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Адилет шайлоого чакырган митинг өтөт


БИШКЕК. Адилет шайлоо жана добуш берүү учурунда мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырган митинг 19-февралда Бишкекте өтөрү күтүлүүдө. Мындай иш чара курамына «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы кирген «Атуулдук тилектештик» бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Коалициянын президенти Эдил Байсаловдун маалыматына караганда, митингге өлкөдөгү саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Ал эми митинг учурунда депутаттыкка талапкерлерди каттоо жана үгүт өнүктүгү учурунда аткаруу бийлиги тарабынан кетирилген мыйзам бузуулар жөнүндө сөз болот.

XS
SM
MD
LG