Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:49

“Рентонгрупптун” соту кийинкиге жылды


БИШКЕК. Шаардык сот бейшембиге белгиленген «Рентонгрупп» акционердик коомуна байланыштуу сот отурумун 21-февралга которду. Бул ирет отурумдун болбой калышы судьянын ден соолугу менен байланыштырылды. Аманатчылардын демилге тобунун мүчөсү Наталья Туманованын билдиргенине караганда, «Рентонгрупп» ишканасына алдангандардын саны 2,5 миңге жакын жана алардын аманатка берип, алдаткан акчасы 192 миллион сом. Бул маселеге тиешеси бар деп Баалуу кагаздар мамлекеттик ишканасынан үч жооптуу кызматкер сот жообуна тартылып, бирок, аларга кайра мунапыс берилген. Кийинчерээк алар биротоло актоо өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган болчу. Аманатчылар да шаардык сотко алдаткан акчаларын кайтарып берүү талабы менен аппеляциялык арыз беришкен. «Рентонгрупп» ишканасына байланышкан териштирүүлөр 2003-жылдан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG