Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Президент Аскар Акаев «МСН» гезитин сотко берет


БИШКЕК. Бул тууралуу президент өзү коомчулукка улуттук телеберүү аркылуу орус жана кыргыз тилдеринде жарыялады. Мамлекет башчынын билдиргенине караганда, «МСН» гезити чындыктан окчун макалаларды байма-бай жарыялоо аркылуу анын жубайынын жана балдарынын абийир, арнамысына доо кетирип жатат. Ошондой эле президент бул гезитти саясий максат менен атайылап чагымчыл жолго түшкөндүгүн болжойт.

-Өзүмдүн сотко кайрылган доо арызымда мен «МСН» гезитинин редакторунун жана конкреттүү журналисттеринин жоопкерчилигин бөлүп карамакчымын.

А.Акаев арызын гезит жарыяланган макалаларды төгүндөп, аны гезит бетине жарыялаган учурда гана кайра аларын билдирди. «МСН» гезити өзүнүн 11-февралдагы санына турак үйлөрдүн сүрөттөрүн, көп сандаган ишканалардын тизмесин жарыялап, аларды Акаевдердин үйбүлөө ишкердиги менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG