Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

КӨСӨМДҮН ТУУЛГАН КҮНҮ


Бүгүн Түркмөнстан өзүнүн Улуттук желегинин күнүн жана президент Сапармурат Ниязовдун 65 жылдыгын шаан-шөкөт менен белгиледи. Адистердин айтымында, Түркмөнбашынын керт башына сыйынуу Ыраакы Чыгыштагы Ким Чен Ирге табынуу менен теңтайлашаар, бирок асты андан кем калышпайт. Түндүк Корей жетекчиси Ким Чен Ир болсо үстүбүздөгү аптада 63 жашын белгиледи.

Укук коргоочулардын айтымында, Түркмөнстан калкы үчүн өз президентинин 65 жылдык мааракесин салтанаттуу түрдө белгилөөдөн башка чара жок. «Ачык коом» институтунун Түркмөнстан долбоорун жетектеген Эрика Дэйли (Erika Dailey) айым да ушундай пикирде:

- Бул – Түркмөнстан жылнаамасындагы өзгөчө шаан-шөкөт менен белгиленчү майрамдардын бири. Бүткүл улут дал ушул окуяны салтанаттуу түрдө белгилөөгө мажбурланып келет. Чынында да, ал Совет доорундагы майрамдарга окшошуп кетет.

Түркмөн парламенти 19-февралды оболу президент Ниязовдун туулган күнүнө байланыштуу расмий эс алуу күнү деп сунуштаган. Бул окуяга байланыштуу эл аралык басма сөз көтөрүп чыккан чоң чуудан соң, президент бул сунушту четке кагып, бирок дал ушул күн Түркмөнстандын Улуттук желегинин күнү катары расмий белгиленип калган.

Карапайым түркмөндөр бул «кош майрамды» жана жалпы эле бийлик саясатын жактыра бербегендиги да маалым.

«Мемориал» аттуу орусиялык укук коргоо уюмунун кабардашынча, 63 жаштагы Гурбандурды Дурдыкулиев мырза жергиликтүү бийликтерге кайрылып, өкмөттүк саясатка каршы демонстрация уюштуруу үчүн уруксат сураган. Ушул тапта аны расмий Ашгабат бир психиатриялык бейтапканада күчтөп кармап жатат, дейт «Мемориал» уюмунун өкүлү.

Түркмөнбашы сырткы дүйнөгө өз режимин жымсалдатып көрсөтүү үчүн өзүнүн бийликтен кетээр ниети бар экендигине мезгил-мезгили менен ишаара кылып турат:

- Эгерде Сиздер каршы болбосоңуздар, анда 2008- же 2009-жылы президенттик шайлоо өткөрөлү. Кадырман агайындар, башка муун да эрезеге жетип келе жатат. Мен 70ке чыкканда мага уруксат бергиле, анткени эч бир нерсе түбөлүктүү болбойт эмеспи.

Кошоматчылары тарабынан Кудайдын пайгамбары катары көкөлөтө макталганга чейин барган Түркмөнбашы Азиядагы жалгыз диктатор эмес. Тээ Ыраакы Чыгышта – коммунисттик Түндүк Кореяда анын дагы бир шериги бар.

Жекшембиден бери бул өлкөдө Ким Чен Ирдин туулган күнүнө байланыштуу салтанаттар башталып, бир нече күнгө созулду. 16-февралда 63 жашка толгон Ким Чен Ир тууралуу корей аткаминерлеринин биринин парад маалындагы төмөнкүдөй шаңдуу сөзүн угуп, мурдагы Совет заманын элестетпей койо албайсыз:

- Ар дайым көсөмүбүз Ким Чен Ирдин жолунан тайбай алга адымдай бермекчибиз. Ал – биздин өлкөбүздүн жана элибиздин тутунган тагдыры жана таянган келечеги.

Жергиликтүү басма сөз 2002-жылы түндүк корей көсөмүнүн туулган күнүндө укмуштуу окуялар болгону тууралуу жар салган. Ага ишенсек, Ким Чен Ир төрөлгөн жайдын үстүндө ошол жылы таң калааарлыктай жарык пайда болуп, андан соң алтымыш күн бою кар жаап, түндүк корей көсөмүнүн киндик каны тамган жерде кар калыңдыгы алтымыш сантиметрге жеткен экен. Эмне үчүн алтымыш дээрсиз? Анткени дал ошол жылы Ким Чен Ир алтымышка келген болчу.

XS
SM
MD
LG