Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Аскар Акаев “МСН” гезитин сотко берээрин айтты


Кечээ кечинде Кыргызстандын президенти Аскар Акаев өлкөдө өкмөттү сындап келаткан негизги басылмалардын бири - «МСН» гезитин - сотко берээрин айтты.
Акаевдин айтымында, “МСН” басылмасы президентти жана анын үй-бүлөсүн үзгүлтүксүз каралап келатат.
Акаев, андан ары, өзүнүн өкмөтүн мактап, президенттин администрациясы Советтер Союзу кыйраган учурдан бери өлкөдө сөз эркиндигин камсыздап келатканын белгиледи.

- Мен президент катары сөз эркиндигин коргоого жана Маалымат каражаттарынын эркиндигин бекемдөөгө колдон келгендин баарын жасап келдим, - деди Кыргызстандын президенти Аскар Акаев кечээ кечинде улуттук сыналгы каналынан чыгып сүйлөгөн сөзүндө.

Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигине мисал катарында Акаев Бишкекте АКШ жана Батыш тараптан каржылануучу басмакананын иштеп жатканын келтирди.
Негизи, Акаев буга чейин деле маалымат каражаттары менен соттошкон.

XS
SM
MD
LG