Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

А.Акаев журналисттер менен жолугушту


БИШКЕК.18-февралда президент Аскар Акаев Кыргызстандагы жергиликтүү жана чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 40ка чукул өкүлү менен жолугушту. Ага Орусиянын «РИА-Новости», «Интерфакс» агенттиктеринин, Казакстандын «Хабар» телекомпаниясынын жана Түркиянын «Заман Кыргызстан» гезитинин өкүлдөрү чакырылды. «Интерфакс» агенттигинин журналистинин билдирүүсү боюнча, президент жолугушууда шайлоо алдындагы кырдаалга, экс-элчилердин шайлоого катышпай калышына жана массалык маалымат каражаттарынын ишмердигине токтолду. Мамлекет башчысы экс-элчилердин шайлоого катышуусуна бөгөт болгон Шайлоо Кодексиндеги жобону кемчилик катары баалап, аны мурдагы парламент мындан жети мурун кабыл алгандыгын жана ал оппозициянын азыркы айрым өкүлдөрүнүн колу менен жасалгандыгын, жаңы парламент келгенде ал жобону жоюу сунушу менен кайрылаарын белгиледи. Шайлоо алдындагы кырдаалга токтолгон президент эгер тышкы күчтөр кийлигишпесе шайлоо тынч өтөөрүн, азыр өлкөдө Грузия, Украина жана Сербиядагы революциячыл окуяларды жасаган саясий технологдордун өкүлдөрү жүргөндүгүн жана ал өлкө үчүн коркунучтуу экендигин билдирди. Ал эми президент жана анын үй-бүлөсү тууралуу сын материалдарды жазган айрым маалымат каражаттарынын аракетин маалыматтык терроризм катары баалады.

XS
SM
MD
LG