Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

М.Миррахимов: «А.Акаев атуулдук укугун коргоп жатат»


БИШКЕК. «Кыргызстанда жашаган ар бир атуул мыйзам алдында бирдей жоопкерчиликтүү. Ушундан улам президент Аскар Акаев өзүнүн жана анын үй-бүлөсүн негизсиз каралаган гезитке каршы доо арыз берүүгө укуктуу». Мындай билдирүүнү Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин төрагасы Мирсаид Миррахимов жасады. Анын айтымында, Кыргызстандагы журналисттер укук-милдеттерин жакшы билбейт жана коомчулук дагы өз абийир-беделин коргоого али үйрөнө элек. Эгер коомчулук өз абийир-беделин коргоого аракеттене турган болсо өлкөдөгү ар бир гезитке карата доо арыздар берилмек. Коомдук кеңештин мүчөсү Аскар Какеев Кыргызстанда сөз эркиндигине жогорку баа берип, буга чейин бир дагы эркин гезит жабыла элек деген пикирин айтты.

XS
SM
MD
LG