Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

20-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, бүгүн 20-февралда Кыргызстанда ала булут каптап турат, кар жаабайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн –12...-17 градус суук, күндүз –2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болот.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –13...-18, күндүз 0...-5 градус суук.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн –3...-8 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –8...-13 градус суук, күндүз –3 градус сууктан +2 градуска жылуу.
Тоолуу НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн –20...-25, күндүз –6...-11 градус суук.
БИШКЕК шаарында кар жаабайт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн –12...-14, ал эми күндүз –2 градуска суук болушу күтүлөт.
Күндүн узактыгы 10 саат 48 мүнөт.

Жаңылыктарды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG