Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Бокс боюнча мелдеш жыйынтыкталды


БИШКЕК. Жеңил салмактарда оштук Авазбек Абдуллаев менен Гиясидин Салиев чемпиондук алтын медаль тагынды. 54 кг. салмакта Кыргыз дене тарбия институтунун студенти Нурлан Абласов жеңүүчү деп таанылды. 57 жана 60 кг. салмактарда Кант шаарынын өкүлдөрү Валихан Мукатаев менен Асылбек Таласбаев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. 64 кг. салмакта бишкектик Тилеберди уулу Абыл 69 кг. боюнча, канттык Илья Поликпашев былтыркы чемпиондук наамын сактап калды. 75 жана 81 кг. салмакта жалалабаддык Бекзат Исаев менен оштук Бекзат Тургунов Кыргызстандын чемпиону аталды. Оор салмактарда бишкектик Руслан Мирсатаев менен оштук Шерзад Тургунов биринчи раундда эле жеңишке ээ болушту.

XS
SM
MD
LG