Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Пикет, митингге чыгуу маселеси талкууланды


ОШ. Бул жыйынга укук коргоочулар, көз каранды эмес журналисттер жана бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Укук коргоочу Азиза Абрасулова ички иштер аскер бригадаларында күч колдонуу менен пикет, митингдерди таркатуунун жолдору окутулуп жаткандыгын айтып, буга байланыштуу семинардын ишине катышып отурган ички иштер министрлигинин коомдук түзүлүштөр менен иштөө башкармалыгынын башчысы Осмонаалы Гароновдун пикирин сурады. Гаронов мырза бул суроого жооп берүүдөн баш тартты жана семинардын ишине эч кандай суроолорго жооп бербестен катышып отура тургандыгын жарыя кылды. Семинардын жүрүшүндө нааразылык акциялар убагында зордук- зомбулукту болтурбоонун чаралары жана атуулдук баш ийбөөчүлүк усулдары менен таанышуунун зарылдыктары боюнча кызуу талкуу болду.

XS
SM
MD
LG