БИШКЕК. 19-февралда “Плюрализм” деген аталыштагы коомдук-саясий гезит жарык көрдү. Кыргыз жана орус тилинде чыгуучу аталган басылманын алгачкы санында белгилүү укук коргоочу, Совет биримдигинин режимине каршы чыккан Мустафа Агая-Жемилевдин өмүр баяны басылган. “Диктатурадан демократияга” деген темадагы жарандык сабактарга кеңири орун берилген. Гезиттин башкы редактору “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.