Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

А. Акаев: “Кыргызстанда ыңкылап болбойт”.


БИШКЕК. “Кыргызстанда кандайдыр бир ыңкылап болот деп күтүп жактандардын үмүтү ишке ашпайт”. Мындай пикирин президент Аскар Акаев 19-февралда Бишкекте өткөн КМШнын окумуштуулары катышкан жыйында билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, учурда көптөгөн маалымат каражаттары республикада кезектеги жибек ыңкылабы болобу деп божомолдоп, айрымдары аларга «сары ыңкылап» же «лимон ыңкылабы» деген аталыштарды да таап коюшту. Аскар Акаев ошондой эле Кыргызстанда демократиянын пайдубалы бекем, Кыргызстан эли ар кандай революциялык вирустарга каршы иммунитетке ээ деп билдирди.

XS
SM
MD
LG