БИШКЕК. 19-февралда Бишкекте Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн “тегерек үстөл” болуп өттү. Жыйында “Медиатор” институту түзүлөөрү дайын болду. Аталган институт маалымат каражаттарында кездешүүчү өтө чыр-чатактуу маселелерди сотко жеткирбей чечүүнү колго алат. “Маалымат алуу жана анын кепилдиги” тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоодо кайчы пикирлер пайда болуп, аталган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар түштү.