Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Бишкекте атуулдук митинг өттү


БИШКЕК. 19-февралда М. Горькийдин эстелигинин жанында болгон атуулдук митингге 200дөн ашуун адам катышты. Митингдин катышуучулары «Бийлик – мурас эмес!», «Ойлон!, Ойгон!», «Сенин добушуң баарын чечет!», «Кыргызстандын келечеги сенин колуңда!», «МСН» гезити чындыкты жазып жатат!» деген плакаттарды кармап турушту. Митингде «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев, «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова жана башкалар сөз сүйлөштү. Митингде шайлоо өнөктүгүндө бийлик өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар орун алып, административдик ресурстарды пайдалануу аракеттери көрүлүп жаткандыгы, өлкөдө сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп, «МСН» гезити негизсиз сот жообуна тартылууда деген пикирлер айтылды. «Адилет жана эркин шайлоо үчүн» атуулдук тилектештигинин демилгеси менен уюштурулган бул митингке Кыргызстан Элдик, «Атажурт», саясий бирикмелеринин, бир катар саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана «Кел-кел» атуулдук өнөктүгүнүн өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG