“Шпигель” журналында жарыяланган маегинде Мохаммед ал-Барадей атомдук программадан баш тартууга Иранды көндүргөнү жаткан европалык өлкөлөрдүн аракети Вашингтон тараптан колдоого алынса гана ийгиликке жетишет деп билдирди. Германия, Франция жана Британия ядролук программасын токтотсо Иранга экономикалык жардам көрсөтө тургандыгын айтышууда. АКШ болсо Иранды жең алдынан атом куралын түзгөнгө аракет кылып жатат деп эсептеп, Тегеран менен тикелей сүйлөшүүлөрдөн баш тартып жүрөт.