Сауд Арабиясы Будапештеги элчисин “масилеттешүү үчүн” чакырып алды. Эр-Рияддын мындай кадамга баруусуна Мажарстандын премьер-министри Ференс Дюрцанинин сөзү түрткү болду. Эки өлкөнүн футболчуларынын 2-февралдагы достук беттешүүсүнөн кийин Дюрцани мажар оюнчулары “араб террорчуларына” каршы “жан аябай таймашты” дегенин Мажарстандын маалымат каражаттары кабарлашкан.
Будапеште өткөн беттешүү 0:0 эсебинде аяктаган.
Дюрцани ырасмий эмес сый тамак учурунда айткан сөзү үчүн ошол замат эле кечирим сураган эле.
Будапеште өткөн беттешүү 0:0 эсебинде аяктаган.
Дюрцани ырасмий эмес сый тамак учурунда айткан сөзү үчүн ошол замат эле кечирим сураган эле.