Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Ырасмий Тбилиси Евробиримдикти арачылыкка чакырды


Евробиримдик Грузия-Россия арасындагы мамленинин жакшыртууга дагы эпкиндүү катышуусу шарт деп санайт ырасмий Тбилиси. Грузиянын Евробиримдиктеги жана НАТОдогу баш элчиси Георгий Барамидзенин билдиришинче, жикчил Түштүк Осетия менен Абхазиянын статусун аныктоого Европа катышса, Тбилиси-Москва арасындагы мамиле ылдам жөндөлөт. Барамидзе европалык дипломаттар менен Тблисиде кечээ кечинде өткөн кездешүүдө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун Грузия- Россия чек арасына байкоочуларын жөнөтүүнү да сурады. Тбилиси менен Москва ортосунда чек ара жана Грузиядагы россиялык эки аскерий база боюнча бир катар келишпестиктер бар.

XS
SM
MD
LG