Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Мурдакы талип министрлери Кабулда ырасмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Маалымат агенттиктери ырасмий булактарга шилтеп, мурдакы талиптердин жетекчилери Кабулдагы эки апталык сапарын аякташып, Пакистанга кайтып келишкенин, алар визит учурунда президент Хамид Карзай менен жолугушканын кабарлашты. Делагциянын курамында мурдакы талип өкмөтүнүн жогорку билим берүү министри Рахматулла Вахидяр, качкындар министринин орун басары Хабибулла Фавзи, Сауд арабиясындагы талиптердин элчиси кирген.
Мурдакы талип өкмөтүнүн Улуттар Уюмундагы экс- элчиси Абдул Хаким Мужахиддин айтышынча, сүйлөшүүлөр үзүрлүү болгон. Карзайдын өкүлү Халид Ахмад сүйлөшүү болгонун ырастап, башка маалымат бербеди.

XS
SM
MD
LG