Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:38

Испанияда жалпы элдик референдум өтүүдө


Шайлоочулар Евробримдиктин жаңы конституциясын кабыл алууга макулдук бериш керек. Премьер-министр Хосе Луис Родригес мекендештерине кайрылып, 1978-жылы өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынгандан берки “өтө маанилүү саясый жараянга” жапырт катышууга чакырды:

- Биз бүгүн бириккен Европа үчүн абдан маанилүү кадамды жасоодобуз. Бул Испаниянын келечеги жана жыргалчылыгы үчүн да аябай баалуу кадам.

Конституцияны бекитүү Евробиримдиктин бийлик институттарын реформалоого жол ачып, уюмдун эл аралык маселелердеги вазийпасын кеңейтет.

Испания - конституция боюнча референдум өткөрүп жаткан Евробиримдиктин сегиз мүчөсүнүн бири. Уюмдун башка 17 мүчөсү жалпы европалык конституцияны кабыл алуу маселесин парламентте добуш берүү менен чечет.

XS
SM
MD
LG