Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Экс-элчилер укугун эларалык деңгээлде коргоого ниеттенип жатышат


БИШКЕК. Кыргызстандын экс-элчиси Мамбетжунус Абылов парламенттик шайлоого катышуу укугун коргоо өтүнүчү менен Конституциялык сотко дагы бир жолу арыз жолдоду. Экс-элчиден 20-февралда алынган маалыматка караганда, анын арызын сот өндүрүшкө алаар албасы азырынча белгисиз. Эгер Конституциялык сот арызын карабаса, ал эларалык сотко кайрыларын билдирди. Кыргызстандын дагы бир экс-элчиси Роза Отунбаева да өзүнүн атуулдук укугун коргоо үчүн Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу даярдап жатат. Мындай маалымат 20-февралда Отунбаеванын юристи Нурлан Сыдыковдон алынды. Өлкөнүн Түркиядагы мурдагы элчиси Медеткан Шеримкуловдун ушундай эле маанидеги арызын Конституциялык сот качан караары азырынча белгисиз. Ал эми президент Аскар Акаев 18-февралда журналисттер менен жолугушууда экс-элчилерди шайлоого катышуу укугунан ажыраткан жобону Шайлоо кодексиндеги кемчилик деп баалап, аны алып салуу өтүнүчү менен жаңы парламентке дароо кайрылаарын билдирди. Экс-элчи Мамбетжунус Абылов президенттин билдирүүсүн бийликке жакпаган атуулдар депутат боло албай калгандан кийинки карандай актануу деп билдирди.

XS
SM
MD
LG